Бир жылдан бери дайыны жок уулун издеген эне "балам Сирияда болуп жүрбөсүн" деген күмөн ойдо экенин айтты

Бир жылдан бери дайыны жок уулун издеген Сабира Каратаева "балам Сирияда болуп жүрбөсүн" деген күмөн ойдо экенин айтты. Мындай ойдун жаралышын ал SUPER.KG порталына төмөнкүчө билдирди:

"Билесиздер да, буга чейин баламды издеп, сиздерге бир нече ирет кайрылгам, гезиттерге да чыккан. Кайрылбаган, издеп барбаган жерим калган жок. Же тирүүсү билинбейт, же бир нерсе болсо сөөгү келет эле... Кечээ жакында эле мени Бишкекке адам укуктары боюнча кыска жана толук метраждуу тасмалардын фестивалына чакырышты, себеби Таласта бейөкмөт уюмдардын биринде адам укуктары боюнча иш алып барам. Тасмалардын арасынан бирөөнүн мазмуну ушул Сирияга кетип жаткандар тууралуу экен. Анда динден маалыматы жок, чала сабат адамдарды кантип Сирияга жихадга азгырышары тууралуу окуя камтылыптыр. Мындан улам менин уулумду дагы бирөөлөр азгырып алып кеттиби деген ой жаралды. Уулум Бактыбек Өмүралиев акыл-эсинен жабыркачу. Талма менен ооругандыктан, кайда жана эмне кылып жүргөнүн унутуп калчу".

Эске сала кетсек, Бактыбек Өмүралиев 2015-жылдын 14-июлунда Биш­­кек шаарын­да­гы Учкун кичи ­ра­­йонунан чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Ал 1987-жылы туулган, бою 170 сантиметр, арык, өңү сары бала. Бетинде жыгылгандан калган тактары бар. Апасы Сабира Бактыбектин кай жакка барбасын, мечити кайда экенин сурап, намаздан калбай бара берерин кошумчалады. Акыркы жолу аны борбордогу мечиттердин биринен көргөн адамдар болгонун белгилейт. Бир жылдан ашык убакыт өтсө да уулу табылып каларына үмүттөнүп, өлкө аймагынан чыгып кеткен адамдардын арасынан уулун издеп берүүсүн өтүнүп, тиешелүү органдарга кайрыла тургандыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
leilek_suluktu
2016-11-02 11:41:21
табылып калсында ар бир эне эч качан балдарынан ажырабасын.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан