Орус тарыхчысы, библиограф, адабиятчы Пётр Бартенев 1829-жылы 13-октябрда Орусиянын Тамбовск губерниясындагы Липецк уездинин Королевщина айылында подполковниктин үй-бүлөсүндө туулган. Ал ак сөөктөрдүн тукумунан болуп, бала чагында бардар жашоодо жашаган. 1847-жылы Рязань аймагындагы гимназияны жана 1851-жылы Москва университетинин тарых-филология факультетин алтын медаль менен аяктаган.
1859-жылдан 1873-жылга чейин Чертовская китепканасын башкарып турган. П.Бартенев “Русские люди” союзунун мүчөсү болгон. Бир катар журналдарда иштеп, орус акыны А.С.Пушкинге арнап макала, монографияларды жазган. Ошондой эле А.С.Пушкиндин замандаштарынан жазуучу жөнүндө маалыматтарды биринчилерден болуп жаздырып алган. Мындан улам ал Пушкин таануунун негиздөөчүсү болуп эсептелет.
1863-жылы “Русский архив” алгачкы тарыхый журналын басып чыгарып, анда адабий жана биографиялык материалдарды чыгарып турган. Бул учурда “18-кылым” жана “19-кылым” деп аталган эмгектерин жазган. Атактуу жазуучу Лев Толстой “Согуш жана тынчтык” романын жазып жаткан учурда тарыхый маалыматтар боюнча жардам берген. Студент кезинде “Байыркы орус летопистеринин тилинин сөздүгүн” түзүп, “Нестров летописинин тили жана муундары жөнүндө ой толгоо” аттуу эмгегин жаратып жана башка тилдерден чыгармаларды которуу иши менен алектенген. П.Бартенев дүйнөдөн кайткан соң анын небереси “Русские люди” журналын басып чыгаруу ишин уланткан.
1859-жылы сентябрь айында майордун кызы Софья Шпигоцкая аттуу айымга үйлөнөт. Алардын Юрий, Сергей, Василий, Александр, Марк, Кирилл, Фёдор аттуу уулдары жана Наталья, Надежда, Татьяна, Елена аттуу кыздары болгон.
Пётр Бартенев 1912-жылы 4-ноябрда Москва шаарында бул дүйнө менен кош айтышып, Новоалексеевск монастырында жерге берилген.
4-ноябрга карата жылнаама.