
225 жыл мурун, 1791-жылы атактуу австриялык композитор, капельмейстер, пианист, скрипач, клавесинист жана органист
Вольфганг Амадей Моцарт каза болгон.
Ал - Йозеф Гайдн, Людвиг ван Бетховен сыяктуу Вена классикалык композициялар мектебинин жаркын өкүлү, 600дөн ашуун музыкалык чыгарманын автору. Замандаштарынын айтымында, Моцарт өзүнүн таланты, эс тутуму, кабыл алуусу менен башкалардан кыйла айырмаланган.
В.А.Моцарт 1756-жылы 27-январда Австриянын Зальцбург шаарында төрөлгөн. Анын музыкага болгон шыгын байкаган атасы 4 жашынан баштап скрипкада ойногонго окута баштаган.
Моцарт 5 жашында музыкалык чыгарма жазып, 6 жашынан баштап аристократтардын концерттерине катышып, эжеси Мария Анна экөө өзүнүн чыгармалары менен ак сөөктөрдү таң калтырышкан. Анын бала чагы жалаң музыкалык сабак, концерттер менен өткөн. Моцарт жоолук менен көзүн таңдырып алып клавирде ойночу. Моцарт 7 жашында биринчи симфониясын жазса, 12 жашында "Бастьен жана Бастьена" операсын жазган. 14 жашында Болонск академиги болгон. Академиянын эрежеси боюнча мүчөлүккө 26 жаштан кийин гана кабыл алчу. Академик болгону үчүн атасы куттуктап жатса "Ата, мен академик болдум, эми жарым саатка сейилдеп келсем болобу?" деген экен Моцарт. Ал скрипкада, органда, клавесинде эркин ойногон. Моцарттын сонаталары жана концерттери адамдын акыл ишмердүүлүгүнө оң таасирин берип, логикалык жактан жакшы ой жүгүртүүгө жардам берери илимий жактан далилденген.