Анжелина Жоли Брэд Питтин жума сайын наркологиялык текшерүүдөн өтүүсүн талап кылды

Америкалык актриса Анжелина Жоли соттон мурунку күйөөсү Брэд Питти наркологиялык текшерүүдөн жума сайын өтүп турууну милдеттендирүүсүн талап кылды. Бул тууралуу "Daily Mail" басылмасы жазып чыкты.

Ушул жылдын сентябрь айында ажырашууга арыз берген Жоли мындай чараны балдарынын коопсуздугу үчүн кабыл алганын билдирген. Алар атасы менен дем алыш күндөрү гана жолугуша алышат. Бул демилге тууралуу Лос-Анжелес шаарынын Жогорку Соту Питтин ажырашуу процессин коомчулукка жарыялабоо суранычы четке кагылган соң белгилүү болгон. Актёр анда үй-бүлөлүк чырды коомчулуктун талкуулоосу балдарга зыянын тийгизет деген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
leilekstan_1987
2016-12-14 16:07:20
Ушул экоонун проблемасы эч эле тугонгус болдуда
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан