Өлкө боюнча кайсы шаардын балатысы бийик? (инфографика)

Дүйнө жүзү боюнча белгиленген Жаңы жыл майрамы жакындаган сайын Кыргыз жергесиндеги шаарлар, райондор көчөлөрүн жасалгалап, борбордук аянттарына балатыларды орнотуп жатышат. 2017-жылды тосууга өзгөчө камылга көргөн шаар Бишкек болду. Борбордун көчөлөрүн, "Ала-Тоо" аянтын кооздоого, балатыны орнотууга эле 13 миллион сом бөлүнгөн.

Ал эми өлкөбүздүн экинчи борбору болгон Ош шаарынын мэриясы 30 метрлик балаты менен борбордук аянтты 899 миң сомго жасалгалаган.

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын балатысы 75 миң сомго орнотулган. Анын бийиктиги - 10 метр, диаметри - 5 метр.

Каракол шаарынын балатысын орнотууга 100 миң сом бөлүнгөн. Бийиктиги - 20 метр.

Талас шаарына 96 миң сомго көк карагай орнотулган, анын бийиктиги 10,5 метрди түзөт."Балаты борбордук аянттын батыш тарабындагы музыкалык мектептин тушуна орнотулду. Гирлянда, шар, светодиоддук кар бүртүкчөлөрү жана светодиоддук жасалга менен кооздолгон", - деп билдиришти Талас шаарынын мэриясынан.

Нарын шаарына 2 балаты орнотулган. Балатыларга жана шаар ичин жасалгалоого жергиликтүү бюджеттен 150 миң сом бөлүнгөнүн айтат өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы.
"Борбордук аянтка бийиктиги 18 метр балаты орнотулду. Ушундай эле балаты "Ала-Тоо" стадионуна орнотулган, себеби ал жакка шаардыктар үчүн муз аянтчасы да уюштурулуп, эс алууга ылайыкташтырылган", - дейт А.Дүйшөк кызы.

Баткен шаарындагы балатынын бийиктиги 11,5 метрди түзөт. Шаарды көрктөндүрүү иштери менен Жаңы жыл күнү өтө турган оюн-зоок программасына жалпысынан жергиликтүү бюджеттен 114 миң сом бөлүнгөн.

Токмок шаарынын балатысынын бийиктиги 13 метр болсо, диаметри 6 метрди түзөт. Балатыны орнотууга, аны жана борбордук аянтты кооздоого 32 миң сом бөлүнгөн.

Кербен шаарына бийиктиги 15 метр болгон балаты орнотулган.

Жалал-Абад шаарын Жаңы жылга карата жасалгалоо үчүн жалпысынан шаар бюджетинен 600 миң сом каралган. Майрамдык салтанатка жасалгалоо иштери алгач борбордук аянтка бийиктиги 20 метрди түзгөн балатыны тургузуу менен башталган.

Ошондой эле Балыкчы шаарына бийиктиги 12 метрлик балаты коюлду, жасалгалоого 1500 метрден ашуун гирлянда кетип, кар бүртүкчөлөрү, жарыктандыруучу элементтер менен кооздолгон.

"Балатыны орнотууда шаарыбызга мүнөздүү катуу шамалдын күчүн да эске алуу зарыл болду, себеби ал жасалгаларды учуруп же сындырып кетиши мүмкүн. Балатыны жасалгалоого атайын 12 дизайнер чакырылган. Ошондой эле борбордук аянтта балатыдан тышкары "2017" деген жазуусу менен жаңы жылдык инсталляция коюлган", - деп билдиришти мэриянын басма сөз кызматы.

ИНФОГРАФИКА

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (43)
arman00
2016-12-30 13:01:37
жаны жылга кетирген акчага бир соонун эле бала бакча курулат экен
+3
Aidai5555
2016-12-30 15:24:44
Бул да керек нерсе го, элдин маанайы учун.
Бишкек, Ош, Балыкчыныкы жакты.
0
jaka92
2016-12-30 15:36:47
Бизге негизи эч нерсе жакпайт. Дайыма эле недовольныйбыз(кыргызчасын билбей койдум) Балатыны койбосо дагы айтмакпыз акчанын баарын жеп алышты деп. Койсо дагы айтабыз тигинтсе болмок,минтсе болмок деп. Бул дагы керек шаарга,кичинекей наристелерге. Чонтоко кеткенден коро,шаар тургундары,коноктор суктанып суротко тушуп турушсун.
0
glaz_almaz
2016-12-30 21:24:35
jaka92, суротко тушуш учун деп, ушинтип элди алдап турушсун да дегин э? Бул шылтоо менен чон акча чонтокко кетип атпайбы?
0
Nur1k
2016-12-30 16:46:42
Ош менен бишкектики кичине более менее экен. Калгандарыныкы уят! Кептин баары акчада дегилечи но балатылар вообще начал башкалар корсо шылдын кылышатго
+1
happy15
2016-12-30 17:56:23
Ош мн Бишкектеги балаты акчасы жагынан бирдей эле корунуп калыптыр, кантип эле ошончо акча кетсин борборбогу балатыга албетте акча жешти
+1
fanatka19
2016-12-30 18:15:55
13 миллион дебей эле,7 областыкын 7 миллионго эле кычыратып жазаса болот.75 миңге жазалган ёлканы көрсөң күлкүң келет.акчаны ар бири жеп отуруп,7500гө эле жазап коюшкан.
+2
Nemo_0587
2016-12-30 18:41:26
Кербен шаарындагы балатыны орнотушпай эле ал озу ошол жерде оскон карагай. Дагы сырткы жасалгасы кулку келтирээрлик экен.
+1
edik-kg
2016-12-30 20:20:25
Олойун деген эле елкаларго а а жакшына эле он он беш метир уылбай эле беш алты метирлик эле елканы сонун кылып жасап койсо болотко ошончо акча кетирип
+1
maks83
2016-12-30 20:25:47
жон эле чыгым.жон турган карагайларды кыйып.
0
Baatur7777
2016-12-30 21:45:07
Бишкектеги балатыга 2млн жетмек турабы?мейли 5 деп коелучу.
+2
ularik_kg
2016-12-31 01:37:18
Baatur7777, туура
0
Alibek-0001
2016-12-30 22:55:39
Жалал абадтын балатысына 600000кеткен имиш гыгы
+3
lady.girl7997
2016-12-31 03:14:44
600000 сомдук Жалалабадтын балатысы ушулбу? Уят! 6000 сомдук балаты андан кооз.
+1
tilek-x
2016-12-31 09:35:14
Жалал-Абад мэриясы уялсанырчы эй кантип эле ушуга 600мин сом акча кетсин балатыга былтыркы эле герляндалыр былтыркы эле ограждение го, тамагынарды тешип чыкпасын элдин акчасы АКС текшергиле мерияны!!!
+2
Revolyutsiya
2016-12-31 11:03:37
Жалал-Абаддын балатысы былтыры да кыйшык турган. Балатыны орнотууга ошол 600 мин сомдун 60 мин сому да кеткен жок. Бул деген коз коруно коррупция не наказуемая. Бийлик акыркы кундору каратып туруп "жей" турган болуп алды, элге "колунан эмне келет?!!" дегенчелик кылып. Тиги жакта Атамбаев дагы карыз алып журот, буга чейинки карыздар кайда жумшалганын же "сол чонтокко" кеткенин сураган эч ким жок.
+1
Revolyutsiya
2016-12-31 11:09:07
Ал аздай 31-декабрь 23.30да милиция балатынын жанындагы майрамдап жургон элди таратып журот былтыры, наверно быйыл да ошол нерсе кайталанат. Сурасан ошондой постановление бар имиш, же анысын копсотпойт. Ошол постановлениени ким жазса да "акылына" тан бериш керек экен, эл балатынын жанына жаны жыл тоскону чогулса кубалаш керек имиш, майрамды уйунордо тоскула бул жерде турбагыла деп... Мына сага Кыргызстан. Мына сага бийлик, "акылдуу", "таза" бийлик!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан