Биз социалдык тармакта

Тажикстанда көзү ачыктар, сойкулар жана алардын кардарлары атайын базага киргизилет

Тажикстандын Ички иштер министрлиги көзү ачыктар, сыйкырчылар, жалган диний ишмерлер, сойкулар, баңгизат колдонгондор жана алардын кардарлары тууралуу маалымат камтылган атайын база түзөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.

Айтылгандай, быйыл жылдын биринчи жарымында Душанбе шаарында төлгө ачуу боюнча 93 учур аныкталып, көзү ачыктарга кайрылган 11 адамга айып пул салынды.

"Тажикстанда төлгөчүлүк үчүн 7800 сомониге чейин айып пул же 15 суткага чейин камак каралган. Мыйзам бузуу кайталанса жаран кылмыш жоопкерчилигине тартылып, эки жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн",- деп белгиленди маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан