Бишкек шаарынын тругуну Базар-Коргонго барып президент Садыр Жапаровго жолугуп, маселесин айтууга үлгүрдү.
Анын айтымында, Бишкек мэриясы эс алуучу жайлардан орун берүүгө аукцион өткөрүп, 39 жаран мыйзамдуу жерлерди алган. Эми алардын айрымдары ишкерлик жүргүзө албай жаткандыгын билдирди.
"Бишкектеги 39 ишкердин атынан сизге кайрылып жатам. Былтыр Бишкек шаарынын мэри парктардан орун берүүгө сынак жарыялаган. Анда 39 жаран орун утуп алып, сентябрдын башында бир жылдык ижара акысын Элдик Банкка төлөгөнбүз. Жалпысынан 39 жарандыкы биригип 5-6 миллион сом төлөнгөн казынага. Бирок келишимди кечиктирип, ноябрга жакын берген. Анда дээрлик сезон бүтүп калган эле. Күн жылып эми иш баштайлы дегенде 39 орундун 5-6сынын турган жери "мэрге жакпаптыр" деп жылдырышкан. Аны жылдырып, ишти баштаганда чалбай, эскертпей келип күркөлөрдү жүктөп кетишти. Колубузда мыйзамдуу келишим турат. Эмнеге экенин сураганыбызда "берилген орундуктарда турбай жатыпсыңар" деп иштетпей койду. Түз айтканда бизди "кидала" кылды. Сынак жарыяланды, акчасын төлөттү, иштетпей койду",- деди ишкер.
Садыр Жапаров маселени жазып алгандыгын билдирди.