Бишкек - Күн-Туу - Шопоков автожолунун 5-6 чакырымында асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, узундугу 12,4 чакырымды түзгөн жол төрт тилкелүү болуп кеңейтилүүдө. Учурда курулуш иштеринде 30дан ашык атайын техника жана 70тен ашык жумушчу иш аткарууда.
Белгилей кетсек, долбоор жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого жана транспорттук инфраструктураны жакшыртууга багытталган.