Бүгүн, 23-октябрда "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы Курманжан датка жана Исакеев көчөлөрүнүн кесилишинде 4 унаа менен кагылышкан автобус боюнча маалымат берди.
Маалыматка ылайык, автобустун айдоочусу жол чырактын жашыл жарыгы жанганда бурулганда Kia Morning үлгүсүндөгү унаа автобустун арткы оң капталын сүзгөн. Андан соң автобустун айдоочусу кагылышуунун алдын алууга аракет кылып, бирок башка унаалар менен сүзүшкөн.
Ошол учурда автобустун айдоочусу базаны көздөй бара жаткан жана ичинде жүргүнчүлөр болгон эмес.
Учурда жол кырсыгы боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.