Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде 18-май күнү “Музейдеги түн-2013” аттуу акция өтөт. Бул күнү аталган музейдин эшиги түнкү саат 01:00гө чейин ачык болот. Маалым болгондой, бүткүл дүйнө жүзүндөгү музейлер 18-май күнү өздөрүнүн кесиптик майрамын белгилешет. Ал эми бул иш-чара кыргыз музейинде биринчи жолу болуп жатканын андагы кызматкерлер билдиришти. Акция өтүп жаткан күнү музейге келгендерге бекер экскурсия уюштурулуп, концерттик программа тартууланат.