Түркиялык Хатико ага кам көргөн полиция кызматкери каза болгон жерде 4 күндөн бери кетпей отурат

5-январда Түркиянын Измир шаарындагы сот имаратынын жанындагы жардыруудан укук коргоо органынын кызматкери Фетхи Секин каза болгон. Ал каза болгон жерден Зейтин аттуу ит бүгүнкү күнгө чейин кетпей отурганы көпчүлүктү таң калтырып, түркиялык Хатико аталды. Бул тууралуу "Лайф" басылмасы жазып чыкты.

Иттин окуя болгон жерден кетпей жатканын басылмага жергиликтүү тургундар билдиришкен. Маалыматка ылайык, иттин ээси болгон эмес. Бирок аны каза болгон полиция кызматкери өз камкордугуна алган. Фетхи Секин сот имаратын 10 жыл бою кайтарып иштеп, итке ар дайым тамак берип турган.

Басылма белгилегендей, теракт болгон учурда Зейтин жардыруудан алыс эмес аралыкта жүргөнү камераларга түшкөн, бирок ал жаракат алган эмес.

Түркиялык Хатико аталган ит
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
aibars
2017-01-09 18:17:21
Ит адамдын чыныгы досу деген ушулда.
+29
A3A
2017-01-09 23:11:26
Байкуш ээсинин келбесин билгендей капа болуп отyрат(((
0
aibars
2017-01-10 01:12:50
A3A, ошондойго, омуру откучо ээсин кутот мункуроп.
-1
Musabaeva.
2017-01-09 18:33:08

Итке тамак-аш берсен жанындан эч качан кетпейт, адамга оз омурунду тартуу кылсан баркына жетпейт.
+32
leilekstan_1987
2017-01-09 18:44:39
Байкуш ит!!! (((
+14
tima01
2017-01-09 19:17:38
Мына сага шумдук!!!
+1
ukmuw-ukmuw
2017-01-09 19:57:46
Адамдар иттен таалим алгыла!
+12
ozgeldi
2017-01-09 21:33:28
Адамдан да таасирду экен жаныбар болгону мн
-1
Firdaus-Muslim
2017-01-09 21:50:28
Ат адамдын канаты,
Ит адамдын досу.
+1
mikoo
2017-01-09 22:24:04
Я в шоке!
-8
Aiko_92_29_08
2017-01-10 08:00:34
mikoo,эмне деген ал?
0
IbraevaA
2017-01-10 00:23:20
Иттер мага жагат. Анткени ал эч убакта жакшы коргон адамын сатпайт. Ит адамдын досу дегенге толук ишенем. Ошон учун кобунчо орустар итти уйуно баладай кылып багышат.
-5
Seiil.94
2017-01-10 01:56:37
акылдуулугун
-1
orun
2017-01-10 02:57:42
Видеосун кыстара кетсениздер сонун болмок Админ))
+1
admin_portal
2017-01-10 11:01:08
orun, саламатсызбы?
http://www.super.kg/media/uservideo/181867/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан