5-январь күнү Түркиянын Измир шаарындагы сот имаратынын жанында токтоп турган унааны белгисиз адамдар жардырып жиберишкен. Анын кесепетинен бир полиция жана сот кызматкери каза таап, 17 адам жабыркаган. Ал эми эки согушкер дароо полиция тарабынан жок кылынган. Дагы бир адам "окуяга катыштыгы бар" делип изделүүдө.
Унааны жардырып жиберишкендер автомат жана гранаталар менен куралданышкан. Азырынча бул жардырууну "биз кылдык" деп эч бир террордук топ айта элек. Ал эми түрк бийлиги мунун артында Күрд жумушчулар партиясы турарын айтууда.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Измирдеги жардыруудан жабыркап жана каза болгондордун арасында Кыргыз өлкөсүнүн жарандары жок экенин билдирди.