Бүгүн, 1-Май - Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү. Буга байланыштуу Бишкек шаарындагы борбордук "Ала-Тоо" аянтында спорттук мелдештер өтүүдө. Иш-чара шаардык мэрия, Дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулуп, анда жөө жарыш, грепплинг, жеңил атлетика жана аркан тартыш түрлөрү боюнча шаардын 4 районунун мектеп окуучулары катышууда.
“Иш-чараны көрүүгө келгендердин арасынан да каалоочулар чыгып, мелдешке катышып өздөрүнүн күчүн сынап көрүшүүдө. Ошондой эле каалоочулардын арасында 5 жаштан 10 жашка чейинки жаш балдар да болду”,- дейт Дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров.
Ошондой эле Бакиров бул күндү эмгекчилердин гана күнү эмес, спорт күнү деп да белгилесе жакшы боло турганын баса белгиледи.