Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Боинг кырсыгында жакындарынан ажыраган үй-бүлөдөн кабар алды

Бүгүн, 22-февралда Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова Боинг кырсыгында жакындарынан ажыраган үй-бүлөдөн кабар алды. Кырсыктан улам 32 жаштагы Зарылбек Орозбаев апасы, карындашы, уулунан жана 2 жакын туугандарынан айрылган. Министр Орозбаевдердин үй-бүлөсүнө көӊүл айтып, учурда комиссия иштеп жатканын, жакын арада баары чечилип, тиешелүү компенсация төлөнүп берилерин билдирди.

"Авиакырсык жалпы кыргыз элинин башына түшкөн оор кайгы болду. Ажал айтып келбейт экен. Минтип бейкүнөө наристелер, жаш өмүрдөр соолуду. Кайрат кылгыла деп айткандан башка арга жок. Силер жалгыз эмессиӊер, калыӊ эл, мамлекет силерди ар тараптан колдоого алууга, жумуш менен камсыз кылууга даяр. Учурда түрк тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Баары заматта чечиле калбайт экен. Тиешелүү текшерүүлөр бүткөн соӊ кырсыктан жабыркагандарга компенсация төлөп берүү, үй, жер бөлүп берүү маселелери чечилет", - деп билдирди Т. Исакунова.

Андан соӊ чай берилип, куран окулду.

Белгилей кетсек, Зарылбек Орозбаевдин жакындары 18-январда Алай районунун Корул айыл аймагында жерге берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан