ЖЫЛНААМА, 23-ФЕВРАЛЬ: Бүгүн Ата Мекенди коргоочулардын күнү

Бүгүн, 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнү. 2003-жылдан тарта Кыргыз өлкөсүндө бул күн календарда кызыл дата болуп белгиленип келет. Кыргыз өкмөтү атайын токтом кабыл алып, өсүп келе жаткан муунду мекенчилдикке тарбиялоо максатында бул күндү Ата Мекенди коргоочулардын күнү деп жарыялаган.
1918-жылы дал ушул күнү Кызыл Гвардия отряды Германиянын аскерлерин Псков жана Нарва аймагынан алгачкы жолу жеңип алган. Ошол мезгилден тарта 23-февраль - “Кызыл Армиянын туулган күнү” деп аталып калган. Ал эми 1922-жылы бул дата расмий түрдө Кызыл Армиянын күнү деп жарыяланган. Кийин СССР маалында 23-февраль - Советтик Армиянын жана аскер деңиз флотунун күнү деп жыл сайын белгилене баштаган.

23-февралга карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rasul1987
2017-02-23 08:37:10
Майраамчигибиз менен эркектер.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан