Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн фасадын жаңылоо, актап-сырдоо жумуштары уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9 айдын жыйынтыгы боюнча 50 көп кабаттуу үйдө актап-сырдоо жумуштары аткарылды. Жыл аягына чейин дагы 20 үйдү бүтүрүү пландалууда.
"2025-жылы 50 үй акталып-сырдалып бүткөн болсо, 2026-жылы 70 көп кабаттуу үйдүн фасадын актап-сырдоо жумуштары ишке ашат",- деп айтылат маалыматта.