Париждин борборундагы Анфан-Руж имаратынын ичиндеги азык-түлүк базарында ири өрт чыкты. 1615-жылы негизделген жана 3 райондо жайгашкан тарыхый базар кечээ, 12-октябрда өрттөн толугу менен күйүп кеткенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, тилсиз жоо болжол менен 1000 чарчы метрди ээлеген.
"Айгай жергиликтүү убакыт боюнча саат 4:15те берилди. Окуя болгон жерге 150гө жакын куткаруучу жана 50 өрт өчүрүүчү унаа келди. Жабыркагандар болгон эмес. Өрттүн себеби белгисиз. Бийлик коңшу имараттарга келтирилген зыяндын алды",- деп белгиленди маалыматта.
Маалымт үчүн: 1982-жылы аталган базар тарыхый эстелик деп табылган. Ал 1536-жылы падыша Франциск I'нин эжеси Маргарита тарабынан ачылган балдар үйүндөгү тарбиялануучуларга арналып, "Кызыл кийимчен балдардын базары" деп аталган.