Бишкек шаарынын айрым аймактарында 15-октябрда саат 10:00дөн 20:00гө чейин таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэрия 13-октябрда жарыя таратты.
Бул күнү Балтагулов көчөсү – Юдахин көчөсү – Алтымышев көчөсү – Бакаев көчөсү – Айтматов проспектинин батыш тарабында суу берилбейт.
Аталган аймактарда суу түтүгүн оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт.
“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы жашоочулардан, уюмдардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.