Бишкекте Twitter, NASA, Linkedin сыяктуу ири компанияларда иштеген аял-лидерлер жаштар менен жолугушат

28-февралда Бишкекке "Маалымат жана коммуникация технологиялары жумалыгынын" жана Кыргыз жергесиндеги IT-форумдун алкагында "TechWomen" делегациясы менен жолугушуу өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, делегацияда ири IT-компанияларда, илимде, технологияларда, инженерияда, математикада ийгиликке жетишкен, ар кайсы өлкөдөн чыккан аял-лидерлер бар.

"Дүйнө жүзүн кыдырып, жаштар менен жолугуп, талкууларды жүргүзүп, жаштарды IT тармагында окууга үндөп, кызыктырышат", - деп айтылат маалыматта.

Алардын арасында төмөнкү компаниялардын өкүлдөрү болмокчу:

  • Нандани Романи Twitter (Вице-президент, инженер);
  • Лидия Швец, NASA (Программалык директор);
  • Рима Акрас, Linkedin (Техникалык рекрутер)
  • Деванши Шет, Symantec (Башкы программалык менеджер);
  • Кико Смит, Twitter (өзгөчө кырдаалдардагы маселелер инженери).

Делегацияда жалпысынан 16 адам болот. Жолугушууга өлкөдөгү IT-компаниялардын өкүлдөрү, студенттер, мамлекеттик ишмерлер чакырылышат. Ага катышуу бекер, алдын ала жазылуу зарыл экенин кошумчалашат уюштуруучулар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан