ЭЛДИК КАБАР: "Орусияда Кыргыз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү жарабай калганбы?" дейт окурман

Орусияда Кыргыз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгүн жаратпай жатышат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына бүгүн, 23-февралда WhatsApp аркылуу билдирди.

"D категориясындагы айдоочуларды Москва шаарында Патрулдук кызматкерлер күн сайын тосуп, "айдоочулук күбөлүгүңөр жарабайт" деп жатышат. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, ушул жылдын 1-июнуна чейин жарамак. Ушул маалыматтын чын-төгүнү кандай?", - деген суроо салды окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
jooshbala
2017-02-23 10:06:33


Жаман кабар экенго
+1
bilbeim.dordoi
2017-02-23 10:32:27
Таджикистан деп турабы адашпасам правада
+3
Rapas
2017-02-23 16:08:34
bilbeim.dordoi, Туулган жерико. Флак туратко ондо Кыргызстандын.
0
berdishov89
2017-02-23 10:41:44
ооба жарабайт деп атышат эми российиский права алгыла деп атат таможня союздун бирден бир бизге тийген пайдалары

-5
baltabai
2017-02-23 13:02:55
Жакшы Жан к экен го
Эээ окуурман
-3
mira77
2017-02-23 17:09:11
D категории.эле жараксыз бекен . B C тийишпейт бекен
+1
nazi25
2017-02-23 19:21:56
Жообу жокко?
+2
mr.kyrgyz
2017-02-23 20:10:33
Супер саламатсыздарбы ушул боюнча тиешелуу жактардан жооп алып берсениздер жакшы болот эле
+4
admin_portal
2017-02-24 09:15:24
mr.kyrgyz, саламатсызбы. Сунуш тиешелүү бөлүмгө жеткирилди. Рахмат.
+1
zamakure
2017-02-23 23:17:44
Жооп кутобуз Суперинфо
+1
Barchynbek
2017-02-24 07:54:52
Д эмнеге жарабайт олуштуго.кечеки кыргыз тууганда турамес иш кылып койдуда взятка менен карматып ошогода очошуп калышы мумкун.эми ептеп жургон кыргыз туугандарга кыйын эле болот турбайбы.
0
Barchynbek
2017-02-24 07:57:52
Д бастырып кыргыз права менен автобус же маршуртка айдасан жаратпайт болуш керек.себеби оздорунун правасы менен айдайсын окуп алып.российский права берет временни.себеби жообу ото чонуракта
0
bond02
2017-02-24 08:21:37
Кыргызстандын правасы да сатылат бекен ээ паспортундай болуп, Таджикстан деп турат го правада, значит права кыргыз, ээси
Тажик.
0
ady-88
2017-03-03 18:50:13
Ушу бизде ой эле жаман. Мисалы алсак ал правадагы адам кыпкыргыз эле болушу мумкун торолгон жери тажикистандан болсо керекда.
0
kemel81
2017-03-03 19:33:10
ady-88,ооба кыргыз жараны болушу мункун, бирок 99% тажик жараны. Анкени бизде баары сатылат баасы туура келсе. Бийликте жалан коммерсанттар олтурушат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан