Англиянын Уолкхемптон айылында белгисиз дизайнер аялдаманын ички, сырткы көрүнүшүн кооздоп чыккан. Эми аны өлкөдөгү "эӊ ыйгайлуу, кооз аялдама" деп атоого болорун "Daily Mail" басылмасы жазып чыкты.
Маалыматтарга караганда, аталган өлкөнүн түштүк-батышындагы Девон графтыгында жайгашкан коомдук унаалар токтоочу жай көптөгөн жылдар бою вандалдардын чабуулуна кабылып келген. Бирок кийинчерээк белгисиз бирөө акырындап ал жайды таш дубалдар менен тосуп, оӊдой баштаган. Анын аракети менен аялдама кресло, жөлөнгүчтөр, идишке отургузулган өсүмдүктөр, дубалга илинген сүрөттөр жана башка буюмдар менен толтурулган.
Мындай көрүнүш жергиликтүү тургундарга да абдан жагып, жадакалса бирөөсү белгисиз дизайнерге ыраазычылык сөздөрүн жазып калтырган. Ал эми аталган жайды ким кооздоп, оӊдоп-түзөөдөн өткөргөнү табышмак бойдон калган.