Японияда алгачкы сакуралар гүлдөп, фестиваль өтүүдө

Учурда көпчүлүк кыштын суугунан, бүркөө аба ырайынан тажап турган чагы. Бирок Японияда азыртан эле сакура алча багы гүлдөп, жаздын келе жаткан белгисин берди.

Жыл сайын алгачкылардан болуп сакуралар Кавадзу шаарында гүлдөйт. Бул жылы күн жылуу болгондуктан, жылдагыдан да эрте гүлдөгөнүн жазышат жергиликтүү басылмалар.

8000ден ашуун дарактар Кавадзу суусунун жээгинде 15-февралда эле гүлдөй баштаган. Алар марттын башына чейин көздү сүйүнтүп турарын белгилешет басылмалар. Шаар тургундары бул окуяга байланыштуу 10-мартка чейин фестиваль өткөрүшөт. Ага 1 миллиондой коноктор катышышат.

Ал эми Япониядан алыс жердегилер фестивалдын катышуучуларынын сүрөттөрүн көрүп гана тим болууга аргасыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
dina-85
2017-02-23 10:32:16
Жаз келди
0
Djal1987
2017-02-24 01:54:51
dina-85,ооба. Минус басылып кетти.
0
Nuura-shirin
2017-02-23 10:54:32
Орук зар элестейтго
+4
emilkyrshab
2017-02-23 11:52:01
Бул Сакура гулу Японияда гана особу? Же башка жакта деле остурсо болобу? Маалымат барбы? Кыргызстанда да гулдосо деген кыял...
0
Nurik-88
2017-02-23 22:09:24
Биздин орук зар деле кем калышпайт ушинтип ирээти менен тигиа жарык берип койсо
+3
naz2015
2017-02-24 14:32:23
аиии кооздугун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан