Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинде Кара деңиз флотунун ансамблинин концерти өттү. Иш-чара Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Орусиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарабынан уюштурулган. Бул тууралуу 22-февралда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Концерттин жүрүшүндө орус жана чет элдик классика, матростордун, жоокерлердин ырлары жаңырды. Кара деңиз флотунун ыр-бий ансамбли 1932-жылы негизделген. Орусия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүндөгү биринчилерден болуп түзүлгөн топ катары белгилүү. Ушул убакка чейин Польша, Англия, Белгия, Дания, Люксембург, Голландия, Австрия, Франция, Швейцария жана Германияда концерттик программасын тартуулап келген.