Вагондо күн кечирген Аскат Букарбаевди колдогон кайрымдуулук концерти өтөт

Үй-бүлөсү менен вагондо жашап, айыккыс оору менен алышкан 28 жаштагы Аскат Букарбаевди жана анын үй-бүлөсүн колдоо максатында кайрымдуулук концерти өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG`ге концертти уюштуруп жаткандардын бири Саадат Иманова билдирди.

"1-мартта Аскат үчүн Бишкектеги кафелердин биринде кайрымдуулук концертин өткөрөлү деп жатабыз. Учурда бир топ ырчылар катышарын билдирип жатышат. Алсак, Эркин Турдубаев, Гүлнара Тойгонбаева, Айдин Жумалиев жана башка ырчы, бийчи, комузчулар катышышат. Депутаттарга да кайрылып, жардам берүүнү суранганбыз. Билеттин баасы 1000 сом. Азыр 20га чукул адам билет сатып аларын билдирди. Бирок бул да болсо аздык кылат. Андыктан кош көӊүл эмес жарандардан концертке катышып, Аскатты колдоп кетүүнү суранабыз", - дейт С. Иманова.

Ал президенттик аппаратка да кат жолдогонун, азырынча жооп берише электигин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mir_84
2017-02-23 14:51:59
Кыргыз эли айкол жана кайрымдуу эл. Демек бир тууганыбыз да айыгып уйлуу болуп калат.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан