Мексика менен АКШнын ортосундагы дубалдын калган бөлүгүн курууга 25 миллиард доллар керектелет

25-январда АКШнын президенти Дональд Трамп Мексика менен АКШнын чек арасына дубал куруу боюнча буйрукка кол койгон. Чек аранын узундугу 3 миң 145 чакырым. Бүгүнкү күндө 1078 чакырымы тосулган. Дубалдын негизги бөлүгү Жорж Буштун буйругу менен 2006-жылы курулган. Ага ылайык, 1100 чакырым дубал 6 миллиард долларга курулмак, бирок кымбат болгондуктан, бул иш аягына чыкпай калган.

2010-жылы Мексика менен болгон чек араны кайтарууга 20 миңден ашуун патрулдук кызматкерлер тартылган. Чек арада 57 көзөмөл өткөрүү пункту бар, күнүнө миллиондой адам өтөт. Миграциялык саясий институтунун маалыматына ылайык, АКШдагы иммигранттардын көбү Мексикадан келишкендер. 2015-жылдын статистикасына ылайык, Мексикадан АКШга 11 миллион 643 миң мексикалык көчкөн. Бул иммигранттардын 26,9 пайызын түзөт. Иммигранттардын саны боюнча экинчи орунда Индия турат. Ал жактан АКШга 2 миллион 390 миң индиялык келген.

Мексикалыктардын көбү чек арадан мыйзамсыз түрдө өтүшөт. Трамп бул дубалды 10 миллиард доллардан 12 миллиардка чейин курууга баалайт. Бирок шайлоо алдындагы дебат учурунда 4 миллиард деген. Ал эми эксперттердин эсеби боюнча, курулушка 25 миллард доллардай кетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Djal1987
2017-02-23 13:48:52
Ушул мексикалыктар ызы чуу калк окшойт. Жакшы болушса ортого дубал курулбайт эле.
+4
tulpar90
2017-02-23 14:36:26
Менин оюмча туура маселе. Бизде да ушундай болушу керек.
+3
Lion.
2017-02-23 14:47:58
Дубалы ушулбу? Мен оо уулу кытай дубалындай экен депмин))
-3
Nur1k
2017-02-23 15:51:56
Солдаттар корбой калса жон эле отуп келетго тиникен курулган дубалдан
+2
bond0202
2017-02-23 21:31:46
кыргыздарга баалап берсе сырткы карыздан кутулуп алат элек
+2
Shekeev969798
2017-02-24 22:52:44
bond0202, жардынгоо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан