Кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө Кытай менен биргелешип иштешүү талкууланды

Ички иштер министри Улан Исраилов Кытай Эл Республикасынын коомдук коопсуздук министрлигинин орун басары Ли Вей менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 23-февралда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин терроризмге каршы күрөшүү Департаментинин жетекчиси Ань Вейсин, эл аралык кызматташуу Департаментинин жетекчисинин орун басары Дуан Дации, коомдук коопсуздук Департаментинин жетекчисинин орун басары Яликун Якуфу келген.

"Жолугушууда кылмыштуулук менен күрөшүүдө эки тараптуу кызматташууларды өнүктүрүү зарылдыгы айтылды. Тараптар эки өлкөнүн элдеринин туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызматташуу жолдорун талкуулашты. Негизги көңүл терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча маселелерге бурулду. Ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Кыргыз өлкөсүндө жашап жана иштеп жаткан атуулдарынын жана ишканалардын коопсуздугун камсыз кылуу маселеси каралды", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Manas230595
2017-02-23 13:36:34
Jakshy owentsener bolot birok alarga iwenip algandynda keregi jok
+2
dina1983-19
2017-02-23 14:27:51
Кыргызстанда жашаган жана иштеген кытайлардын коопсуздугун камсыз кылуу маселесин карашыптыр. А биздин чоңдор Россияда жүргөн кыргыздардын коопсуздугун карашабы
+3
barakcha
2017-02-23 14:58:14
dina1983-19,жок да...
0
kilim
2017-02-23 16:00:24
Ошентип тартипти кучтосонор кытайдын тартиби келсе кыргыздарда кылмыштуулук азаймак
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан