Мекен коргоочуларынын майрамындагы Ала-Тоо аянты (фоторепортаж)

Бүгүн, 23-февраль - Ата-Мекенди коргоочулар күнү. Бул күн Кыргыз өлкөсүндө майрам катары сыпатталып, эс алуу күнү деп белгиленген. Мекенди коргоочулар күнү өлкө аймагында Советтер союзу таркагандан бери кызуу белгиленбей калган. Анткен менен бул күндү кыргыз бийлиги даталуу күндөрдүн катарына кошуп, бирок расмий оюн-зоок, маданий программаларды жана спорттук оюндарды атайын салтанаттуу өткөрбөй келет.Бүгүнкү күн Бишкек шаарында кандай майрамдалып жатканын билүү үчүн Ала-Тоо аянтына бардык. Мында "Жаңы жыл", "Нооруз", "Жеңиш күнү" сыяктуу майрамдарга караганда бул күндү белгилөөчүлөр жокко эсе деп айтууга болот. Анткени аянтта топтошкон окуучулардан башка эс алуучуларды байкай албадык. Анда-санда гана айрым адамдар өз үй-бүлөсү менен эс алып жүргөнүн көрүүгө болот. Мындайлар борбордук аянтта күн сайын эс алып жүрүшөрү белгилүү.

Өспүрүм балдар чогулуп, бир дары чүкө оюнун ойносо, башкалары шар оюндарын ойноп жүрүштү. Мындан сырткары велосипед, ролик тээп ойногондорду да кезиктире алдык.

Аянтка келгендердин көпчүлүк пайызын жаштар түзөт. Улуу мундун өкүлдөрү мындай турсун орто курактагылар да аз санда деп айтууга болот.

Калктын коопсуздугун көзөмөлдөгөн тартип сакчылары аянтты айланып жүргөнүн көрө алдык.

Кимдир бирөөлөр майрамды белгилеп эс алып жүрсө, айрымдары калаанын тазалыгын камсыздоо максатында иштеп жатышты. Дагы башкалар курулуш тармагында иштеп, майрам менен иши жоктой жүргөнүн көрүүгө болот.

Ал эми эс алуучулар жөн гана курбу-достору менен маектешип отурса, китеп окуганды сүйүүчүлөр сатып алуу менен алек болуп жатышты. Майрам учурунда соода кылып, пайда табууну көздөгөндөрдү да көрө алдык. Айтор, борбор калаада калктын маанайы майрамдагыдай болбосо да жай турмуш өз нугу менен өтүп жатты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ainura220888
2017-02-24 00:16:27
Бишкекти сагындым
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан