SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Өзүңдү ким деп ойлойсуң?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Бактылуу жанмын деп ойлойм".
"Жөнөкөй, түнт, жердин бетин "занят" кылып жүргөн адаммын".
"Келечектеги супер атамын".
"Жөнөкөй, бирок максаты бийик бирөөмүн. Ата-энемдин, бир тууганымдын ишеничимин. Балким, кимдир бирөө үчүн керекмин, балким, керек эместирмин".
"Балдарымдын апасы, байымдын түгөйү, үйүбүздүн кожойкеси, кир жууган машине, чай кайнаткан чайнек, духовканын, эң башкысы, кол телефонумдун "командиримин".
"Бирөө үчүн бирөөмүн.
Бирөө үчүн бүлөөмүн.
Бирөө үчүн чоочун да,
Жат экеним билемин.
Ырыскылаш бирөөгө,
Парталашы бирөөнүн.
Бирөөгө дос, бирөөгө
Кас экеним билемин.
Ызгаар кышта төрөлүп,
Кулагы азан укпаган…
Жолоочу болот дүйнөгө
Арамдан акча жыйбаган
Бир пендемин".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.