Кытайдын Unitree Robotics компаниясы H2-X аттуу гуманоид робот-жансакчысын көрсөттү. Ал кунг-фу ыкмаларын аткарып, адамдарды кооптуу кырдаалдардан куткаруу жөндөмүнө ээ.
Компания роботтун мүмкүнчүлүктөрүн көрсөткөн видеону WeChat социалдык тармагындагы баракчасына жарыялаган.
Видеодо H2-X үлгүсүндөгү робот унаалардын үстүнөн оңой секирип, абада сальто жасап, бийик имараттардан секиргени көрүнөт.
Маалыматка ылайык, робот адамдарды коргоо жана кооптуу кырдаалдарда жардам көрсөтүү үчүн иштелип чыккан.