Биз социалдык тармакта

Коомдук жайда заңдаган чет элдик жаран аныкталды

Бишкек шаарындагы Сухэ-Батор көчөсүндө коомдук жайда табигый муктаждыгын аткарып заңдап жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторинг учурунда окуя тартылган видео аныкталган. Аталган факты Октябрь РИИБинин маалыматтарды каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 1985-жылы туулган чет элдик жаран аныкталып, райондук башкармалыкка жеткирилген. Ал Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренесинин (Майда бейбаштык) негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милиция жарандарды коомдук тартипти сактоого жана коомдук жайларда жүрүм-турум эрежелерин так сактоого чакырды.

Бишкекте коомдук жайда тартип бузган чет элдик жаран кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан