Биринчи айым Айгүл Жапарова балдардын бакубаттуулугуна инвестиция салууга арналган Дүйнөлүк саммитке катышты. Иш-чара 21-октябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өттү.
Саммиттин алкагында балдар онкологиясы боюнча II эл аралык конгресс да уюштурулду.
Айгүл Жапарова өз сөзүндө Кыргызстанда балдар онкологиясына өзгөчө көңүл бурулуп, акыркы жылдары бул багыттагы мүмкүнчүлүктөр кеңейгенин белгиледи. Анын айтымында, балдар онкологиясын каржылоо 200 эсеге көбөйүп, Бишкек жана Ош шаарларында заманбап диагностика жана дарылоо мүмкүнчүлүктөрү өнүгүүдө.
Ошондой эле 2024-жылы Кыргызстанда биринчи жолу жилик чучугун трансплантациялоо операциясы жасалганын эске салды.
Биринчи айымдын белгилешинче, дүйнөдө жыл сайын болжол менен 400 миң балага онкологиялык оору диагнозу коюлат. Кирешеси жогору өлкөлөрдө мындай балдардын 80 пайыздан ашыгы айыкса, кирешеси төмөн жана орто өлкөлөрдө бул көрсөткүч кыйла төмөн.
Ушуга байланыштуу ал Борбор Азия өлкөлөрүн медициналык мекемелердин кызматташтыгын бекемдөөгө, адистерди даярдоого жана чет өлкөдө дарыланууга муктаж балдардын үй-бүлөлөрүн колдоо механизмдерин иштеп чыгууга чакырды.
Саммитке дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүнүн өкүлдөрү жана бир катар мамлекеттердин биринчи айымдары катышууда. Иш-чаранын жыйынтыгында балдардын бакубаттуулугуна инвестиция салуу боюнча Самарканд декларациясы кабыл алынары күтүлүүдө.