Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы саясий-экономикалык байланыштарды чыңдоо жана инвестиция тартуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-октябрда, Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Швейцариянын Улуттук кеңешинин төрагасы Пьер-Андре Паж менен жолугушту.
Жолугушууда парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, гидроэнергетика, инфраструктура, саламаттык сактоо, билим берүү жана туризм тармактарындагы байланыштарды кеңейтүү маселелери каралды.
Марлен Маматалиев Кыргызстан чет өлкөлүк инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө көңүл буруп жатканын белгилеп, швейцариялык ишкерлерди өлкөдөгү ири долбоорлорго инвестиция салууга чакырды.
Өз кезегинде Пьер-Андре Паж энергетиканын альтернативдүү булактарын өнүктүрүү, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана ишкердик боюнча тажрыйба алмашуу багыттарында кызматташууну күчөтүү зарылдыгын айтты.
Ошондой эле тараптар эки өлкөнүн ортосундагы келишимдердин санын көбөйтүү жана артыкчылыктуу багыттар боюнча биргелешкен иштерди улантуу тууралуу пикир алышты.