Кызым катуу ооруп, титиреп жыгылып калганда "Тез жардам" чакырсам 4 саатта келди. Мындай маалыматты бүгүн, 27-февралда SUPER.KG порталына Курулуш башкармалыгынын дачалары тургуну, учак кырсыгынан короо жайы жабыркаган Ысак Анарбаев билдирди.
"Бизге авиакырсык оор жашоону алып келди. Буга чейин сарайымда тандырга нан жаап сатып үй-бүлөмдү бакчу элем. Ошол кырсык болгон күнү сарайым кулап, ишим токтоп калды. Эч жактан киреше жок болууда. Буга чейин 2 кызым ооруканага жатып чыкты эле. Бирок андан кийин да өзүн жаман сезип жатканынан ооруканага алып бардым. Ошол күнү кызым Айсулуу көчөдө жыгылган экен. Келсем жаны жоктой жатыптыр. "Тез жардам" чакырсам 4 сатта келип, бир нерсе жыттатып кетип калды. Кийин дагы бир "Тез жардам" унаасы келип, Сокулукка алып кетишти. Ал жерден кызымдын абалын билбей коюшту. Кийин Бишкек шаарындагы Республикалык ооруканага алып барсак, биз билбейбиз деп чыгарып жиберишти. Айлабыз кетип Орто-Сай тараптагы психоневрологияга алып бардык. Алар кабыл алышты. Абал оор болууда", - деп билдирди Анарбаев.
Ысак Анарбаевдин айтымында, ал учурда ар кайсы жерден темир чогултуп сатып күн көрүүдө. Кыларга жумуш жок кыйналып, айылдагы дүкөндөн карызга нан алып жеп жатканын айтты.
"Учак кырсыгынан катуу коркуп калган кыздарым түнү менен кыйкырып ойгонуп жатты. Молдого дем салдырып көрдүк. Азыр эки кызым ооруканада. Айсулууга дарыгерлер диагноз коё албай жатышат. Кандай оору экенин аныктап берсе, элден карыз акча чогултуп, Казакстанга же Тажикстанга алып бармак элем", - деп кошумчалады жабырлануучу Ысак Анарбаев.
Маалыматка ылайык, Курулуш башкармалыгынын дачалары айылынын жашоочулары бүгүн, митингге чыгууну пландашкан. Бирок Өмүрбек Текебаевдин камалышына байланыштуу нааразычылык митингин токтотуп турууну туура көрүшкөн. Алар митингде жергиликтүү жашоочуларды башка аймакка көчүрүү талабын коюшмак.
Айта кетсек, Боинг кырсыгынан кийин 23-январда "авиациялык керосинге уулануу" диагнозу менен 7 адам ооруканага жаткырылган. Анын ичинде Бишкек илимий-изилдөө травматология жана ортопедия борборуна 18 жаштагы Айсулуу Жумабай кызы да жаткырылган.