Эртең, 28-февралда Бишкек шаарынын айрым аймактарында калкка таза суу берүү убактылуу токтотулат

Эртең, 28-февралда Бишкек шаарынын айрым аймактарында таза суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, суунун запасын сактоочу жабдыктар оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткандыгына байланыштуу эртең, 09:00дөн 17:00гө чейин калкка таза суу берүү убактылуу токтотулат. Алардын катарында Горкий, Ауэзов, Достоевский көчөлөрүнө да суу берүү чектөөгө алынат. Мындан сырткары Алтын-Ордо, Кара-Жыгач конуштарында да чектелмекчи.

Бишкек суу канал башкармалыгы жашоочуларга ичүүчү суунун запасын толуктап алууларын эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан