Бишкекте бүгүн, 27-февралда "Саясий күчтөрдүн жарандык форумунун" жыйыны өтүүдө. Жыйынга Адахан Мадумаров, Феликс Кулов, Камчыбек Ташиев, Равшан Жээнбеков өңдүү белгилүү саясатчылар, жарандык активисттер жана башкалар катышып жатышат. Чогулгандар өлкөдө түзүлгөн саясий кырдаалды, шайлоо системинин абалын талкуулашууда. Бул жерде чогулгандар бүгүн саат 13:00дө депутат Өмүрбек Текебаевдин камалышы боюнча Ак үйдүн жанында өтүүчү митингге катышары күтүлүүдө. Равшан Жээнбеков кечээ жарандарды бул митингге катышууга чакырган.