Акыйкатчы бийлик менен оппозицияны тынчтыкты сактоого чакырды

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камалышы боюнча Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев билдирүү жасап, оппозиция менен бийликти тынчтыкты сактоого чакырды.

"Өмүрбек Текебаев ага кылмыш иши козголгонун билген. Ага карабастан, Бишкекке кайтып келе жаткан. Анын тергөө иштеринен качуу ою жок болгон. Мындан улам оппозициянын лидерин кармоо иш аракетин учурда эч нерсеге теңөөгө болбойт. Акыйкатчы институту тарабынан жүргүзүлгөн мониторингине ылайык, 100 окуянын 95ине камак колдонулат, бул адамдын укуктары тармагында эл аралык стандарттарга каршы болууда. Өмүрбек Текебаевге олуттуу айыптар коюлууда, алар тиешелүү салмактуу далилдер менен бекитилиши керек. Болбосо бул оппозицияга каршы саясий куугунтук катар бааланып, өлкө башкармалыгынын беделине зыянын тийгизиши мүмкүн", - деген акыйкатчы өз билдирүүсүндө.

Ошондой эле бир нече активисттер жана журналисттер кармалганы демократиялык өлкөгө таандык эместиги белгиленет.

"Атаандаштардын оюна сылык көрсөтүлө турган, президент шайланар жылы журналисттердин жана активисттердин камалышы коркунучтуу белги. Ошол эле убакта мен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы катары мыйзам тарапта президенттин коррупцияга каршы күрөшүүсүн колдойм жана күнөөлүүлөр адилеттүү соттук териштирүүнүн жыйынтыгы менен мыйзам чегинде жазаланышы керек", - деп жазылат билдирүүдө.

Акыйкатчы акыркы 10 жылда саясий жана улуттар аралык төңкөрүштөр болгонун эске салып, тынчтык жана стабилдүүлүк өлкөнүн өнүгүүсүнө пайдасын тийгизерин кошумчалаган.

"Мен оппозициялык күчтөрдү жана бийликти президенттик шайлоо өтөр жылы абалды курчутпоого чакырам. Шайлоо - ар кайсы саясий күчтөрдүн мамилелеринин курчушу, ошондой эле оппозициянын мүчөлөрүнүн жана тарапташтарынын укуктарын тебелөө өлкөнүн кезектеги башчысына бийликти өткөрүүдө терс таасирин берет", - деп жыйынтыктаган акыйкатчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Izdeim_seni.
2017-02-27 15:23:16
Жакшы суйлоптур акыйкатчы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан