Москвада эки жашар бала планшет менен ойноо үчүн атасын балконго камап койгону айтылууда

Москвада 2 жашар бала iPad`га жетип, ойноо үчүн атасын балконго камап койгон. Бул тууралуу "Комсомольская правда" басылмасы жазып чыкты.

Маалыматтарга караганда, окуя 25-февраль күнү болгон. Көп кабаттуу үйлөрдүн 4 кабатында жашаган 37 жашар тургун уулу экөө батирде жалгыз калышкан. Атасы планшеттен жаӊылыктарды карап, социалдык тармактарда бирөөлөр менен баарлашып, бир маалда тамеки чегүү үчүн балконго чыккан. Андан соӊ кичинекей уулу балкондун эшигин жаап салган да, планшетти алып ойноп баштаган.

Атасынын эшикти катуу ургулаганына да бала көӊүл бурган эмес. Ошол учурда тургун чөнтөгүндөгү уюлдук телефонун алып, куткаруу кызматын чакырган. Куткаруучулар балкондун эшигин ачкан учурда кичинекей бала аларга көӊүл бурбай, эч нерсе болбогондой планшет менен ойноону улантканы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Nazikbaigazy
2017-02-27 17:29:32
Мына сага кызык
+1
Nur1k
2017-02-27 17:36:20
Орустар кичинекейинен эле ХХХ болушат экен да ахах)
+2
meerimma84
2017-02-27 17:52:28
Кыргызын деле орустан кем калбай калды Nur1k
+2
nuris_ali
2017-02-27 18:04:17
Азыр кыштын куну балдар уйдо камалып отурат алаксыганы тел.н да
+3
madina.87
2017-02-27 18:06:12
Ушу да жанылыкбы?Мындай нерсе биздин балдарыбызда дайыма болчу корунушго.
-13
DIANE
2017-02-27 19:15:30
madina.87, кызык ошондо сен күндө балконуңда камалып, куткаруу кызматын чакырып атасыңбы?
+9
Djal1987
2017-02-27 20:10:20
Бала баланын иши чала. Балам балалуу болгондо билесин деген соз эске тушту.
+1
uli1988
2017-02-28 08:44:56
Биз жаш убагыбызда интернет деген балее жок эле кышында жылгаяк тээп жайында сууга тушуп чонойдук эле азыркы жаш балдарды корсон тан каласын 10чактысы топтолуп алып бири бири менен иши жок ункуйушуп тел чукулап олтурушат
+1
Uzakova.Z.A
2017-02-28 14:38:59
Кыйын бала экен го ошого башы жеткенин тообо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан