Мындан 324 жыл мурун, 1693-жылы 27-февралда Лондондо аялдарга арналган дүйнөдөгү алгачкы журнал "The Ladies' Mercury" деген аталышта жарык көргөн. Басылма мода дүйнөсүнө кызыккан айымдарга багытталып, анда саркеч кийим-кечелер тууралуу маалыматтар берилген. Журналдын биринчи санынын башкы бетинде анын авторлору аялдардын сүйүү, нике жана стиль боюнча бардык суроолоруна жооп берүүгө даяр экендигин жазышкан.
Журналдын концепциясын "The Athenian Mercury" журналынын ээси, лондондук Жон Дантон 1691-жылы иштеп чыккан.
27-февралга карата жылнаама