Ырчы Түмөнбай Колдошов ОшМУнун социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору болуп дайындалды

Филология илимдеринин кандидаты, доцент, белгилүү ырчы, обончу Түмөнбай Колдошов Ош мамлекеттик университетинин социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору болуп дайындалды. Жаӊы кызматы тууралуу ырчы SUPER.KG`ге буларды билдирди.

"Буга чейин бул кызматты Замир Божонов аркалап келген. Ал өз каалоосу менен жумуштан кеткенине байланыштуу анын ордуна мени дайындашты.

Ал эми чыгармачылык тууралуу айтсам, ал менин өмүрүм. Буюрса, чыгармачылыкты башка өӊүттө улантышым мүмкүн, мен аны таштай албайм. Эми жумуш менен баарын чогуу алып кетүүгө аракет кылам. Жакын арада жаӊы чыгармаларды күйөрмандарга тартуулайм", - дейт ырчы.

Белгилей кетсек, ырчы 1986-жылы Ала-Бука районунун Көк-Таш айылында туулган. Ош мамлекеттик университетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Филология илимдеринин кандидаты. Обончу, аткаруучу. 40тан ашуун обон чыгарган. Илимий методика жана көркөм адабият боюнча 6 китептин автору. Буга чейин аталган окуу жайдын Рыспай Абдыкадыров атындагы маданий эстетикалык борборунун директору жана ушул эле окуу жайда кыргыз адабияты кафедрасынын доценти болуп эмгектенген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
modern-group
2017-02-27 15:49:21
ишинизге ийгилик !
+2
isabek1977
2017-02-27 17:46:21
modern-group,Тумонбай кызмат орду кут болсун. Кыргыз элибиз айтмакчы кызмат,байлык колдун кири..Негизгиси эч качан очпой турган жакшы чыгармаларды жарата бер.Чыгармачылыкты уланта бер.
+1
Djal1987
2017-02-27 16:20:23
Ак жолтой болсун жумуш орунунуз. Эл керегине жараган жумушчу болунуз.
+4
Djal1987
2017-02-27 16:24:32
Ушул жанылык журокту жылытты.
+2
ikitaidesu
2017-02-27 16:31:47
Ушундай жакшы жанылыктар кооп болсунчу.
+1
sessa
2017-02-27 16:50:46
Азамат!!!
+2
Nurzidarush
2017-02-27 17:03:22
Ишине ийгилик !
+1
Tahmina.Musaeva
2017-02-28 00:15:08
Биздин агай. Куттуктайбыз, орунуңуз куттуу болсун. Филфактагы студенттериңиз баары кубанып жатышат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан