Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 27-февралда Тажикстанга келди. Сапарынын алкагында президент Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөр өтмөкчү. Орусиялык башчы аэропорттон Улуттук сарайга барган, аны ал жактан Тажикстандын президенти тосуп алганын орусиялык ЖМКлар жазышууда.
Алар бир нече документтерге кол коюп, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыя кылышары жазылат.
Мындан сырткары, Путин өлкөлөр арасындагы байланышты бекемдөөгө, борбор азиялык аймакта коопсуздукту камсыздоого кошкон салымы үчүн Эмомали Рахмонду Александр Невскийдин ордени менен сыйлаган.