Ысык-Көлдө кош бойлуу аялды төрөтө албай, чарчап калган баланын башын кесип ажыратып алышкан. Акушерлерге кызматтык иликтөө дайындалды

Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында аялды төрөтө албай коюшкан акушерлерге карата кызматтык иликтөө дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардам көрсөтүү башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, кош бойлуу Асель Сантасова айылдык ооруканага барган. Түйүлдүк чоң болгондуктан, акушерлер төрөтө албай, баланын башы чыккан бойдон Чолпон-Атаны көздөй жөнөтүшкөн. Ымыркай шаардык ооруканага жетпей, жолдо каза болгон.

"Окуя январь айында болуптур, ал эми бизге ушул айда гана белгилүү болду. Мындан улам бул окуя тууралуу министрликке өз убагында айтылбаганы үчүн оорукананын жетекчилери да жоопко тартылат. Учурда кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Жакын арада жыйынтыгы чыгып, чечим кабыл алынат. Күнөөлүү дарыгерлерге карата катуу жаза колдонулат", - деди башкы адис.

Раиса Асылбашеванын айтымында, дарыгерлердин колунда атайын протокол бар. Ар бир дарыгер ал протоколго жараша иш алып барууга тийиш.

"Дарыгер протоколду көбөйтүү жадыбалындай жатка билип, ага ылайык иш кылышы керек. Бул жерден акушер өзүнө ишенип, 5-төрөт болсо өзү төрөйт деген ойдо да болсо керек. Түйүлдүк чоң болчу экен. Акушер керектүү деңгээлде жардам көрсөтүп, төрөттү кабыл алууга мүмкүнчүлүгү жок болсо, энени тиешелүү деңгээлде шарттары бар ооруканага жибериши керек болчу. Эгер өтө шашылыш болуп калса, шаардагы дарыгерлер чакыртылышы зарыл", - деди Асылбашева.

Ананьеводон Чолпон-Атага Асель Сантасова 1,5 саатта келген.

"Чолпон-Атага келгиче ымыркай чарчап калган. Биз күнөөлүүлөрдү актабайбыз. Ал жактан дарыгерлер энени сактап калышы үчүн болгон аракетин кылып, арга жоктон баланын башын денесинен ажыратышкан. Бул операция энени сактап калыш үчүн жасалган", - деп жыйынтыктады өз сөзүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардам көрсөтүү башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
aiba_00
2017-02-28 10:31:53
Элестеткиле баланын башы чыккан боюнча, кайдигерлик, байкуш бала кыйналды го мына мына жарык дуйнону кором дегенде чарчап калды, 4чубу 5 чиби торот деген торот да врачтар ушунча кайдигер болушат, ойй озун эле торойсун деп.
+23
Boldukan86
2017-02-28 10:52:56
иии ХХХ. журокту титиреттиго. коркуп да каласын ушундайларды окуп угуп коруп журуп. эмне кесип да чыгаруу жолу болбоптурбу.
+5
Ananai
2017-02-28 11:02:31
Тороттон аялдар коп олуп атышат акыркы кундору.Кооптонуу башталды.Негизи эле врачтыка окуйм дегендер татыктуу окугулачы тентиребей....
+27
meni_kut
2017-02-28 11:03:42
головорезы
-2
madina.87
2017-02-28 11:50:39
Илгери энелерибиз уйдо эле 14-15 балага чейин тороп этегине салып багып алышкан.
Азыр бардык нерсе химикат,жаш энелерде ал-куч жок,торот ушунчалык оор.
Беш бала торосо тан калабыз кантип деп.
+2
Adahan.myrza
2017-02-28 12:10:28
журогум эзилип кетти окуп алып. Аллахым озун сакта пенделеринди
+6
karona
2017-02-28 12:34:12
Ото окунучтуу ((( энеге сабыр тилейбиз...
+5
surgeon777
2017-02-28 15:17:22
туйулдук чон экенин коргондо эле кесорево сечение жасаш керек болчу!кантип ушуну ойлошкон жок!чон туйулдукту башынан эле кылдаттык менен наблюдение кылып,боюнда жургондо эле даярдалышы керек торотко,жана тороттун туру тандалып алынат.
+4
baltabai
2017-02-28 18:46:34
Өкунчту
0
nuri2605
2017-02-28 22:19:40
Журогум ооруп кетти, байкуш наристе. А энеси кантти экен, кудайым сабыр берсин.
+2
tyrgon
2017-03-07 19:09:58
окмоттун кайдыгерлиги
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан