Кара-Балтада шаардык кеңештин депутаттары бюджетти бекитүүгө каршы чыгышты

Кара-Балтада шаардык кеңештин депутаттары бюджетти бекитүүгө каршы чыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда SUPER.KG порталына Кара-Балта шаардык мэриянын басма сөз кызматынан Кызжибек Абдимиталипова билдирди.

"Шаардык кеңештин 31 депутаты 27-февралда белгиленген сессияга келип, бирок түшүнүксүз себептерден улам бюджеттин бекилишин кабыл албай каршы чыгышып, калаанын бюджети бекилбей калды. Жыйынтыгында Кара-Балта аймагында жаз алдында аткарылуучу социалдык жумуштар 2 айга кечикмей болду. Мэрияга жардам сурап кайрылгандарга жардам берилбей жатат. Мындан сырткары каражат маселесине байланыштуу жумуштар аткарылбай калды. Айрым мектептердин чатырын алмаштыруу зарылдыгы бар болчу. Ошондой эле спорттук аянтчанын курулушу токтоп калды", - деп билдирди Абдимиталипова.

Маалыматка ылайык, сессиянын жүрүшүндө азчылык коалициянын 18 депутаты каршы чыгышкан.

Эске салсак, буга чейин Кара-Балта шаарында калаа башчысын экинчи жолу шайлай албай, шаардык кеңештин депутаттары тарашы мүмкүн экендиги айтылган. Аталган аймактын депутаттары өлкө башчынын таратуу боюнча чечими чыккыча шайлоо кодексине ылайык, бюджетти кароо мүмкүнчүлүгүнө ээ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан