Дарыгер: "Бишкекте имараттын 5-кабатынан кулаган куруучулар жандандыруу бөлүмүнөн чыгышты"

Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу имараттан кулаган куруучулардын абалы турукташууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда SUPER.KG порталына Травматология жана ортопедия илимий борборунун дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.

"Курулушта бийиктиктен кулаган балдардын абалдары жакшырып калды. Жандандыруу бөлүмүндө жаткан 3 адам жалпы бөлүмгө которулушту. Алардын экөөсүнө операция жасалды. Акыркы операция 27-февралда сан сөөгү сынган жабырлануучуга жасалып, ийгиликтүү аяктады. Учурда бөлүмдөрдө дарыланып жатышат. Дагы бир жума дарылангандан кийин абалдарына карап, үйлөрүнө чыгаруу маселесин карайбыз. Ал эми буга чейин хирургия бөлүмүндө дарыланып жаткан тургундун абалы турукташкан. Анын оор жараты жок болчу", - деп билдирди Кубатбеков.

Эске салсак, буга чейин Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу имараттан 5 адам кулап кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан