Ош облустар аралык балдар клиникасынын хирургия бөлүмүндө 2016-жылы 8-декабрда З.М. аттуу балага операция жасалган. Андан соң операция жасалган жери ириңдеп кеткенин SUPER.KG порталына окурман WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Уулумдун операция болгон жери улам-улам ириңдеп жатканынан дарыгерге бир нече жолу кайрылгам. Ошого карабастан, алар көңүл кош мамиле кылышты, мындан улам уулум айыкпай жүрдү. Аргам жок, башка хирургга алып барсам, ичинен денеге сиңбей турган жип табылды. Ал ириңдетип 3 айга жакын жүрүп, бир бөлүгү карарып кеткен. Операция Ош облустар аралык балдар клиникасынын хирургдары К.А. жана У.Ж. тарабынан 8-декабрда жасалган. Мындай көңүл кош мамиле кылгандыгы үчүн жооп беришеби?" деген суроо салган окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.