Депутат өрт өчүрүүчү тик учак сатып алууну сунуштады

КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина өрт өчүрүүчү тик учак сатып алуу керек экенин бүгүн, 28-февралда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынынында айтты.

Анын айтымында, өрт бийик жерлерде болгондо өчүрүүчүлөр шаты менен жетпей калат.

Мындан тышкары эл өкүлү өрттүн себебин ким текшере турганын сурады.

"Мамлекеттик экотехинспексия кызматы өрт коопсуздугунун эрежелерин текшерген соң алар өрттүн себебин жашырып коюшу мүмкүн", - деди депутат.

Буга жооп кылып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт коопсуздугу кызматынын башчысы Нуржан Жээналиев "өрттүн келип чыгуу себептерин биз аныктайбыз" деген оюн айтты.

Аталган комитетте «Өрт коопсуздугу жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nuke1988
2017-02-28 15:43:03
Эми элден чогулган акчага алабыз деп туруп албагыла.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан