Кадамжай районунда Пүлгөн айылынын тургундары жол тосуу аракетин көрүшүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда SUPER.KG порталына райондун акиминин биринчи орун басары Жаныбек Исаков билдирди.
"Жергиликтүү жашоочулар оор жүк ташуучу унааларды Баткен-Сүлүктү-Лейлек аймактарына жүрүүчү жол каттамын жабуу аракетин көрүштү. Бирок учурда жол ачык. Жергиликтүү милиция кызматы абалды көзөмөлдөп, райондук мамлекеттик администрация элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Элдин талабы оор жүк ташуучу унаалар бул жолдон өтпөсүн деп жатышат. Негизи Баткендин башка аймактарына барууга мындан башка алтернативдүү жол жок", - деп билдирди Исаков.
Жаныбек Исаковдун маалыматына ылайык, учурда жол тосууга Пүлгөн айылынын жашоочулары чыккан. Митингчилердин саны 50дөй киши. Алар Ош-Баткен-Исфана унаа жолундагы Көк-Талаа-Пүлгөн тилкесин жүк ташуучу унаалар үчүн жабууну талап кылышууда. Буга акыркы убактарда жүк ташуучу унаалардын катышуусундагы жол кырсыктары себеп болгон.
Айта кетсек, 3-февралда Пүлгөн айылында күйүүчү май ташыган унаа турак үйдү бузуп, оодарылып кеткен. Мында үч адам жаракат алган. 24-февралда да күйүүчү май ташыган унаа жолдон чыгып кетип, айылды аралап кеткен. Алгач жолдо бара жаткан 56 жаштагы аялды тебелеп, кийин Дэу Тико үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 56 жаштагы аял жана Тиконун 52 жаштагы айдоочусу каза болгон.