Эми Бишкекте 4590-4690 сом төлөп, 3 саатта паспорт алууга болот

Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 10-январындагы токтомуна ылайык, бир нече саатта документтештирүү боюнча пилоттук долбоорун жандандырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы бүгүн, 28-февралда кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы калкты тейлөө борборлорунда жарандар паспортту 3 иш саатта ала алышат. Ал эми Чүй облусунун (Кант, Токмок шаарларында, Ысык-Ата, Жайыл, Панфилов, Сокулук, Москва, Аламүдүн райондорунун) тургундары ID-картты же жалпы жарандык паспортту 8 иш саатында алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

"Убакыт арыз ээсинин маалыматтары "Паспорт" автоматташтырылган системи менен жиберилген убактан тарта эсептеле баштайт жана иш сааттар менен саналат. Мисалы, Токмок шаарынын тургуну саат 14:00дө документтерин тапшырса, анын паспорту кийинки күндүн ошол эле убагында берилет", - деп айтылат маалыматта.

Банктын кызматын, мамлекеттик салыкты, бланк үчүн төлөмдү кошпогондо ID – карт алуу (3/8 саатта) - 4455 сом, ал эми жалпы жарандык паспорт (3/8 часов) 5165 сомду түзөт.

ID – карттын бланкасы 99 сом, банктын кызматы 36 сом. Жалпы жарандык паспорттун бланкасы 302 сом, банк кызматы 33 сом.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
admin_portal
2017-02-28 12:57:16
Kurmanjan.93, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
-2
KGstan1981
2017-02-28 13:01:22
Анан уч саатта деп кытайларга,уйгурларга ж.б чет олколук жарандарга Кыргызстандын паспортун сатып жибербегиле.
+16
Begimkyz.
2017-02-28 13:04:50
KGstan1981,Ошолор учун да бул мыйзамы. Биз 10 жылда бир паспорт алсак, аны деле 1 айлап кутуп ала беребиз. Аябай шашылыш алгысы келгендер деле бардыр мумкун арабызда.
+9
elchi84
2017-02-28 13:10:05
Бир мунотто бергенде дагы элдер ала албай эле журот го же бул кытайларга арналган рекламабы ?
+3
aseras
2017-02-28 13:22:01
Учеттун башка областа болсо кантет анда?
+5
KGstan1981
2017-02-28 13:22:53
Байкадынарбы КСДПнын журт атасы бийликке келгенден бери Кыргызстанда кытайлар кобойуп жана оздоруну эркин сезип калышкан балким бул уч саата деген реклама кытайлар учун окшойт.
+7
dina1983-19
2017-02-28 13:26:47
Корупцияга конкретный жол ачыпсыңар чет эл адамдарына 1 саатта эле даярдап бергиле
+7
cubich
2017-02-28 13:33:25
Акчан болсо сумканда, паспорт аласын 8 саатта болуптур да бул жагы. Кыргыздар учун эмес, Уйгур-Кытайлар учун.
+3
Bekovich76
2017-02-28 13:39:07
Текебаев эмне болду эмне жазбайсынар
-2
nazgulum
2017-02-28 13:47:06
50 000сом берсе кытайларга 3 минутта жасап берет анда кытайларда акча коп, бизде паспорт коп
+5
Tima07
2017-02-28 14:01:10
эми поспортту сатып алгандар толтура болот чет жактан да келип поспорту сатып алаышат экен да
0
ularik_kg
2017-02-28 14:10:51
5000 акчаны деп Кыргызстанды абийрин кетирип койупсунар
+2
fea1990
2017-02-28 14:19:57
Админ гражданство келгенин кай жактан билсек болот?
0
rustin13
2017-02-28 15:26:09
fea1990,президент сайтынан
0
arzygulR
2017-02-28 18:58:29
Кытайлар эле эмес озбек тажиктер деле алар учун иттен бекер болду тообо кылдым эртен бир деке болсо кыргыз жараны деп чыгат
0
nuri2605
2017-02-28 22:24:43
Ой айланайындар акча берсе эле бере бересинербиии? Башка мамлекеттен алыш кандай кыйын ушул биздин бийликтегилер эле акча дегенде баарына даярда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан