"Эл салык кызматкерлери кайсы ишкананы качан текшере турганын билиш керек", - деп бүгүн, 28-февралда парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмазбек Эргешов (сүрөттө) билдирди. Анын айтымында, текшерүү боюнча сайттарда маалымат болуш керек. Депутат "салык кызматкерлери ишканаларга текшерүү жүргүзөрдөн мурда билдирүү жөнөтөбү?" деген суроо узатты. Ошол учурда салык кызматынын башчысы Октябрь Абдыкаимов атайын графиктин негизинде иштеше турганын айтты.
КСДП фракциясынын депутаты Эльвира Сурабалдиева ишкерлер менен салык кызматкерлери соттошкондо 90 пайыз салык кызматкерлери утуп чыгарын айтты.
Октябрь Абдыкаимов: "Сотто маселе салык кызматкерлеринин пайдасына чечилсин деген ресурс жок", - деп жооп берди. Талкуунун негизинде депутаттар Салык кодексиндеги ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.