Шашылыш билдирүү: 2-мартка чейин кар көчкү түшүү коркунучу бар

2017-жылдын 28-февралынан 2-мартына чейин жаап өткөн, күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар күрткүсү жана көчкү түшүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

"Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда, Ала-Бел, Көк-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайы, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная-Горка-Ак-Таш, Казарман-Актал-Чат, Арал-Миң-Куш, Каракол-Эңилчек, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолдорунда кар күрткүсү жана көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан