Бүгүн, 28-февралда Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова Орусия Федерациясынын расмий делегациясынын алкагында Кыргыз өлкөсүнө келген Эмгек жана социалдык коргоо министри Максим Топилин менен жолугушту. Жолугушуу Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн болгон стационардык мекемеде болуп өттү.
Максим Топилинди аталган жайдын жашоочулары элдик ырларды ырдоо менен тосуп алышты. Андан соӊ аталган жайдын директору Эркингүл Абдылдаева келген конокторго мекемени тааныштырып, улгайган жарандар үчүн кандай шарттар түзүлгөнүн көрсөтүп чыкты.
Таалайкүл Исакунованын айтымында, мурда түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде социалдык чөйрөнүн бардык багыты боюнча орус тарап менен тажрыйба алмашуу боюнча иштер жүргүзүлө бермекчи.
Белгилей кетсек, өлкөдө улгайган жарандар үчүн жалпы 6 социалдык стационардык мекеме бар. Учурда ал жакта 792 улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашашат.